Вьетнамдын жашоочусу 64 жыл бою чачын кырктырган эмес, учурда чачынын узундугу 6 метрге жетет. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылат.
Маалыматта айтылгандай, Нгуйен Тхи Динх алгачкы жолу чачын 19 жашында кырктырган. Мындан кийин анын башы катуу ооруп, ал узакка созулган ооруга айланган. Ата-энеси бир канча дарыгерлерге көрсөткөнү менен баш оорудан арылган эмес. Ошондо гана ал чач тарачка экинчи барбоону чечкен. Учурда Нгуйен Тхи Динх 83 жашта, ушул кезге чейин бир дагы жолу чачын кырктырган эмес жана чачын шампунь менен жууган эмес. Мындан улам анын чачы питонго окшоп калган.