Стамбулдагы белгилүү Ая-София мечити жөнүндө ыр чыкты. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өзүнүн социалдык баракчасында жарыялаган.
Ага ылайык, ырды бир нече өлкөнүн өкүлдөрү өз эне тилинде аткарышкан. Алгачкы сабын кыргыз кызы Бермет Жумабекова комуздун коштоосунда кыргыз тилинде ырдап чыккан.
Стамбулдун так ортосунда жайгашкан Ая-София музейи Грециянын мурунку Грек патриархалдык православ чиркөөсү болгон, кийин Осмон империясын тушунда мечитке айландырылса, 1934-жылы Мустафа Кемал Ататүрктүн тушунда ал кайра музейге айландырылган. Жакында эле президент Режеп Тайип Эрдоган бул чечимди жокко чыгарып, кайра мечитке айландыруу боюнча жарлыкка кол койгон. Бул кабар Ислам ааламы үчүн сүйүнүчтүү жаңылык болду.