Кытайда акыркы суткада 21 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы берген маалыматка таянып, дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.
Ага ылайык, илдет такстыкталган 21 адамдын бешөө Гуандун провинциясында болсо, бирөө Шанхайда, 13ү Синьцзян-Уйгур автономдук районунда жана экөө Ляонин провинциясында катталган. Бир суткада ооруканадан 18 бейтап айыгып чыккан.
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кытайда 86 миң 26 адам COVID-19 илдетине кабылып, 4 миң 649 адам каза болгон. 80 миң 279 бейтап сакайган.