Индиянын Мадхья-Прадеш штатынын Панна районунда жайгашкан Саркоха кыштагынын тургуну шахтадан көлөмү 10,69 карат алмаз таап алган. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазышууда.
Жазылган маалыматка ылайык, чоң алмазды таап алган айылдын тургуну 35 жаштагы Анандилал Кхушваха болгон. Ал ижарага алган жеке шахтада иштеп келген. 21-июлда ал көлөмү 10,69 карат, наркы 4 миллион 700 миң рупий болгон алмазды таап алган.
Шахтёр табылгасын шахтадагы 10 кесиптеши менен бөлүшөрүн убада кылган. "Кесиптештердин жардамы менен акыркы 6 айда биз мындай баалуу ташты таба алдык" деген ал.
Кхушваха өзүнө бөлүнгөн акча каражатын баласы жана кызынын окуусуна жумшаарын, калганын үйгө керектей турганын кошумчалаган.
"Бир нерсени так айта алам. Шахтаны ижарага алып, жумушумду уланта берем" деген Кхушваха. Ал эми баалуу таш аукциондо сатылмакчы.