Бүгүн Айя-София мечитинде алгачкы жолу жума намазы окулат

Бүгүн, 24-июлда Түркиянын Стамбул шаарындагы Айя-София музейи кайрадан мечит болуп өзгөртүлгөндөн кийин алгачкы жолу жума намазы окулат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Жазылган маалыматка ылайык, 86 жылдан кийин Айя-София мечитинде алгачкы ирет жума намазы окулат.

"Пандемияга байланыштуу чектелүү адамдардын катышуусунда жума намазы окулмакчы. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын намазга катышуусу күтүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Стамбулдун так ортосунда жайгашкан Айя-София музейи Грециянын мурунку Грек патриархалдык православ чиркөөсү болгон, кийин Осмон империясынын тушунда мечитке айландырылса, 1934-жылы Мустафа Кемал Ататүрктүн тушунда ал кайра музейге айландырылган. Музей 1985-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Жакында эле, 10-июлда президент Режеп Тайип Эрдоган бул чечимди жокко чыгарып, кайра мечитке айландыруу боюнча жарлыкка кол койгон.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nuridindosmatov
2020-07-24 11:48:41
Машаллах
Алхамдулиллях
+3
salimbek87.kg
2020-07-24 11:52:08
МашАллах окуган намаздары кабыл болсун
+3
toktor89
2020-07-24 16:19:22
Альхамдулиллях!
Жума намазынар менен!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан