Бүгүн, 24-июлда коңшу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев 63 жашка толду. Коңшу өлкөнүн президентин таңдан баштап социалдык тармактарда пайгамбар жашына толушу менен куттукташууда.
Шавкат Мирзийоев 1957-жылы 24-июлда Жиззах облусунун Заамин районунда дарыгердин үй-бүлөсүндө туулган.
Ал 2016-жылдын 4-декабрында 88,61 пайыз добуш менен Өзбекстандын президенти болуп шайланган. Расмий түрдө президенттик кызматка 14-декабрда киришкен.
Ага чейин облустук аким, премьер-министрлик кызматтарын аркалап келген.