Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кубандык Өмүров эки тараптуу пневмониядан кайтыш болду. Бул тууралуу Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кубандык Өмүров 23-июлда каза болгон.
Өмүров Кубандык Абдыкадырович 1950-жылы туулган.
1998-2001-жылдары Кыргыз жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм жана сахналаштыруу бөлүмүнүн башчысы;
2001-2009-жылдары Кыргыз опера жана балет театрында иштөөгө чакырылып декоратор, башкы сүрөтчүнүн жардамчысы жана көркөм-сахна бөлүмүнүн башчысы кызматтарын ээлеген.
Өмүров бир нече театрлаштырылган картиналардын, анын ичинде Моцарттын "Сыйкырдуу чоор" операсынын режиссёру болгон. Анын 1998-жылы Кыргыз жаш көрүүчүлөр театрында койгон "Бремен шаарындагы музыканттар" спектакли жаш көрүүчүлөргө эстен кеткис таасир калтырган.
Опера жана балет театрынын көркөмдүк жана сахналаштыруу бөлүмүнүн жетекчиси катары П.Валдгарддын (2007-жыл) "Мышыктын үйү" операсын, А.Глазуновдун "Раймонда" балетин (2008-жыл), Г.Вердинин "Риголетто" операсын жана башка бир катар спектаклдерди койгон.
Кубандык Өмүров 2017-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы менен сыйланган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Кубандык Өмүровдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.