Карантинди башкаруу иши жергиликтүү бийликке тапшырылат. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда онлайн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
"Мыйзамга ылайык, карантинди башкаруу иши жергиликтүү бийликке тапшырылат. Мисалы, Бишкек шаарында Бишкектин мэриясы уюштурат. Ага тиешелүү кызматтар: медицина, милиция, ӨКМнын кызматкерлери тартылат. Жарандар посттордон тастыктоо документтердин негизинде өтө алышат", - деди ал.
Боронов билдиргендей, Бишкек, Ош шаарларында жана Ат-Башы, Чаткал райондорунда карантин киргизилет.