Орусия эл аралык аба каттамын 1-августтан баштап жандандырат. Бул тууралуу Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
"Эл аралык каттамдарды калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алынды. 1-августтан тарта учуулар Москва, Москва облусу, Санкт-Петербург жана Ростов-на-Дону аэропортторунан жүргүзүлөт", - деген Мишустин.
Учуулар кайсы өлкөлөргө аткарыла тургандыгы кийинчерээк билинет. Учурда каттамдар үч өлкө үчүн Түркия (Стамбул жана Анкара, 10-августтан тартып эс алуу үчүн), Улуу Британия жана Танзания мамлекеттери үчүн ачылып жаткандыгы белгилүү болду.