Окумуштуулар бир ирет колдонулуучу медициналык бет каптардын зыяндуулугун эскертишти

Япониялык окумуштуулар бир ирет колдонулуучу медициналык бет каптардын планетанын экологиясына тийгизген коркунучун белгилешти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Баарына белгилүү болгондой, пандемияга байланыштуу медициналык бет каптар көп сатылып, дүйнөнүн булуң-бурчунда колдонулууда. Бирок көпчүлүк эл бет капты колдонуудан кийинки калдыкты кантип туура зыянсыздандыруу керектигинен кабары жок. Ошондой эле адистер айрым өлкөлөрдө бул таштандыны туура жок кыла турган шарттардын жоктугун белгилешти.

Учурда Япониянын деңиз жээктеринде колдонуудан соң ташталган бет каптар сүзүп жүргөндүгүн айтып жатышат. Медициналык калдыктардын саны Түркия менен Европа өлкөлөрүндө да өстү. Франциянын экологдору океан менен деңиздерди медузалар эмес, бет каптар каптап кетеринен кооптонууда.

"Бир бет каптын майдаланып бөлүнүп жок болушу үчүн жүздөгөн жылдар керектелет", - деп эсептешет адистер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AidaKurman
2020-07-24 23:39:27
Биз тандырга салып койобуз куйуп кетет:)
+10
Arstan18.18
2020-07-25 01:36:10
Блин 1 маска 100 жылдап жоголбой турса элестеткилечи
+6
Agayu
2020-07-25 02:33:18
Бул кандайдыр бир сигнал адам зат учун , типа короновирус жашап калат дегендин жумшак созу
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан