Тажикстанда тойго 40 адамга чейин конок чакырууга уруксат берилди

Тажикстандын майрамдарды жана каада-салттарды тартипке салуу комитети өлкөнүн бардык аймактарындагы үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүүнүн жаңы эрежелерин бекитти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында жарандар өкмөттүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде, үйлөнүү тойлорун тар чөйрөдө жана чектелүү адамдар менен өткөрүүгө болот. Жаңы эрежеде бекитилгендей, тойго жакын туугандары гана катышып, алардын саны 30-40 адамдан ашпашы керек.

COVID-19дун алдын алуу боюнча республикалык штаб апрель айынан баштап үйлөнүү тойлорун өткөрүүнү убактылуу токтоткон болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан