Ташкент шаарынын аткаминерлери пандемияга начар даярдангандыгы үчүн элден кечирим сурашты

Ташкенттин бардык 11 районунун акимдери шаар тургундарына кайрылуу жасап, коронавирус менен күрөшүүдө жетишсиз иш-аракеттери үчүн кечирим сурашты. Аталган кайрылуу жергиликтүү телеканалдардын биринде түз эфирде чагылдырылды.

"Биз жалпы райондук администрациянын өкүлдөрү, кээ бир үй-бүлөлөрдө кеңири жайылган ооруга жана жакын адамдарынын өлүмүнө алып келген коронавирус менен күрөшүү боюнча ишти өз убагында алдын албагандыгыбыз үчүн тургундардан кечирим сурайбыз", - деп билдиришти акимдер өз кайрылуусунда.

Ошондой эле райондук администрациялардын башчылары COVID-19 менен күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымат беришти. Алардын айтымында, ар бир райондо иштеп жаткан үй-бүлөлүк поликлиникадан тышкары керектүү шаймандар менен жабдылган өзүнчө COVID борборлору түзүлгөн. Бардык райондордо дары-дармектерди жана тамак-аш азыктарын үч айга жеткирүү даярдалган. Акимдер үй-бүлөлүк поликлиникаларда мобилдик топторду түзүү жана аларды "Тез жардам" унаалары менен камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жаткандыгын белгилешти. Бардык республикалык клиникалык ооруканаларда коронавирус менен ооругандар үчүн кошумча керебеттер түзүлгөн.

«Биздин облустагы жети үй-бүлөлүк поликлиника күнү-түнү иштөөгө өттү. Алар жетиштүү өлчөмдөгү дары-дармектер жана баштапкы коргоо каражаттары менен камсыздалган”, - деди Мирзо-Улугбек районунун акими Шавкат Иргашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
alishsapan
2020-07-25 15:40:08
Кечирим сүрашыптыр хаа хааа
0
uz.nookat
2020-07-25 17:09:38
Биздкилер орнок алса
+2
u02u02
2020-07-25 17:28:35
Тентек озбектер! Биздикилерден уйронгуло кантип актанышты, элдер кочого чыгып кетти маска такпай койду деп койгула все!
+5
Oratorkg
2020-07-25 17:39:44
Кечирим сурабай көрүшсүнчү дадаси комбайн менен оруп салат!
+5
turmus
2020-07-25 21:32:14
Ээх атандын кору. Айтпайын жазбайын деп ойлосон да жазышка туура келет. Шордуу эл экенбиз. Элге жараша тигинибиз да шордуу. Же норма суйлой албайт же айбаты жок шалбырап. Озбектерче иштеп коюшса не аттин. Озбектин бийлиги элинен кечирим сураса биздики озун озу мылтык менен башка атса да аздык кылат эле. Не деген кыйындарыбыз кетти ушул оорудан. Булардын баары сокенин мойнунда. Кырдаалдан аман чыксак сокени кетириш учун митингге барам жана элди угуттойм.
-7
Aman_90
2020-07-26 02:07:12
turmus,Дагы бир бекерчи экенсинда сен дагы!Сокени кетирсен эле эмне башкача болуп кетесинби!Деги эле ушуга чейинки 3 ажону кетирип эмне пайда таптынар?!Только аркага кеткенден башка толк жок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан