АКШда "Ким миллионер болгусу келет?" телеберүүсүнүн алгачкы алып баруучусу Реджис Филбин каза болду

Америка Кошмо Штатында телеалпаруучу жана актёр Реджис Филбин 88 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык ал кечээ, 25-июлда каза болгон. Реджис Филбин "Ким миллионер болгусу келет?" телеберүүсүнүн америкалык версиясында алгачкы алып баруучусу болгон. Ошондой эле "Эмми" сыйлыгын 6 жолу утуп алган. Мындан сырткары анын телеканалдын эфириндеги убактысы 17 миң сааттан ашат. Мындай жетишкендиги үчүн "Гиннес Рекорддор" китебине кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан