Улуу Британиянын ханзаадасы Уильямдын жубайы Кейт Миддлтон элдешүү максатында Меган Марклга гүл жиберген

Улуу Британиянын ханзаадасы Уильямдын жубайы Кейт Миддлтон элдешүү максатында Меган Марклга гүл жиберген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Басылмалардын маалыматына ылайык, Кейт гүлдү Мегандын туулган күнүндө жиберген. Бирок Меган бул элдешүү үчүн жетишсиз деп билдирген.

Айрым маалымат булактары абысындардын ортосунда эч кандай түшүнбөстүк болбогонун жазып чыгышкан.

Кээ бир булактар Кейт Миддлтон менен Меган Марклдын келишпестиги Гарри менен Мегандын үйлөнүү тоюнда болгонун жазып чыгышкан. Анда протоколго ылайык, келиндин курбусу колготки кийиши керек болгон. Бирок күндүн ысыктыгынан Меган курбусун аны кийбей эле коюшуна уруксат берип койгон. Мындан улам түшүнбөстүк башталган деп жазылат маалыматтарда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tina-Tin
2020-07-27 09:10:26
Авсындарбы)))
+2
talas0707
2020-07-27 09:14:47
Булардын элдешуусу Кыргыз эли учун кызык деле эмесго дейм.
+13
kechirmeni
2020-07-27 11:14:30
капа болбогула го бирок аябай эле майдаланып кеттинер, жакында койдун коргоолун да жаза баштайсынарбы деп корком
+8
Baktikan
2020-07-28 08:57:42
Duyno janiliktarinan kabardar bolgon ech ziyani tiybeit~
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан