Кытайдын Чэнду шаарындагы АКШнын Башкы консулдугу жабылды. Бул тууралуу расмий маалыматтарга таянуу менен чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Анда жазылган маалыматка ылайык, Чэнду шаарындагы АКШнын Башкы консулдугу расмий түрдө жабылган. Андан соң жергиликтүү бийлик мекемеге кирип, аны "өз карамагына алышкан".