“Семетей” госпиталында 517 орун бош

“Семетей” госпиталында 517 орун бош. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Ырыспек Жолдошбаев билдирди.

“27-июлга карата “Семетей” госпиталында бейтаптарды дарылоо үчүн 600 орун бар болсо, анын ичинен 109унда бейтаптар дарыланып жатат, калган 491 орун бош. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө 50 орундук бар болсо, учурда 24 оор абалдагы бейтап дарыланууда, калган 26 орундук бош. Жалпысынан 517 орун бош”, - деди ал.

«Семетей» госпитализация пунктундагы иш-чараларды уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелерин чечүү аракеттери Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун жеке көзөмөлүндө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан