Акыркы сутка ичинде коронавирус илдети дагы бир медицина кызматкеринен аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
Муну менен өлкө боюнча COVID-19 жана пневмония илдети медицина тармагынын 4 миң 221 кызматкеринен аныкталып, алардын ичинен 4 миң 195и сакайды.