Ош облусунда кылмыш фактысы кескин азайганы айтылды

Бүгүн, 24-апрелде Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондору боюнча комендант Малик Нурдинов онлайн маалымат жыйын берди. Анда облустагы акыркы кырдаалга байланыштуу маалыматтар айтылды.

Коменданттын маалыматына ылайык, Ош шаарында мурункуга салыштырмалуу кылмыш окуяларынын саны азайган.

"Биз талдоо жүргүзгөндө жылда эле Орозо айында кылмыштуулук кескин азайчу. Азыр дагы ошол жакшылыкты күтүп жатабыз. Анализге ылайык, Ош шаары жана Ош облусунда күнүнө 10-15тен кылмыш фактысы катталып жатат. Бул баштагыга караганда кылмыштан саны кескин азайганынан кабар берет. Мисалы, 25-марттан бүгүнкү күнгө чейин эки гана кылмыштын бети ачылган эмес. Ал эми жоруктардын баары өздүгү менен катталып, айрымдарын сотко чыгарып жатабыз", - деди комендант.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан