Кой-Таш окуясы боюнча соттук ишке айыпталуучулар алып келинген жок

Бүгүн, 27-июлда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук иш каралды. Бирок отурум айыпталуучулардын жана жактоочулардын келбегендигине байланыштуу кайрадан жылдырылды. Маалыматты мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кийинки териштирүү 29-июль күнү саат 10:00гө жылдырылды.

Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти тергеп бүтүп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.

Анда 14 адам айыпталууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу жана Асангелди Какебаевдер бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан