Чаекте турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык унаа жолдорду кокту-колоттордон келген суулар каптады

Бүгүн, 27-июлда Жумгал районунун Чаек айылында жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык унаа жолдорду кокту-колоттордон келген суулар каптады. Бул тууралуу ӨКМнын сөз кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, саат 14:30 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген суулар Чаек айылында жайгашкан турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык унаа жолдорду каптап жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине Жумгал району боюнча ӨКБнын башчысы, Жумгал райондук №43 Өрт-куткаруу бөлүмдөн 20 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 50 адам, №21 ЖТИден 1 жүктөгүч, айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор жана суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан