Кырсыктын күбөсү күйүп жаткан имараттан ыргыткан баланы кармап калды

Американын Аризона штатынын Финикс шаарында өрттөнүп жаткан имараттан ыргытылган баланы кармап калышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

28 жаштагы эмгек өргүүсүнө чыккан деңизчи Филипп Бланкс Финикс шаарындагы досуна келген. Конокто олтурган жерден күйүп жаткан имаратты көрөт. Анын балконунда аял баласын өрттөн сактап калуу үчүн, аны ыргытууга аракет жасап жатканын байкап, ошол тарапка жылаңайлак шашып жөнөшөт.
Ал баланы ыргыткан учурда, аны кармап калганга жетишкен. Бала жабыр тарткан эмес. Анын апасы Рейчел Лонг өрттөн каза болгон.

Бул окуядан кийин Филипп Бланкты "Америкалык баатыр" деп жарыялашкан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан