Англиянын тургуну 12 ай ичинде 50 килограммга арыктаган сыры менен бөлүшкөн

Англиянын Мейденхед шаарынын тургуну 12 ай ичинде 50 килограммга арыктап, ийгиликтин сырын бөлүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

56 жаштагы үч баланын атасы Ad van Der Rest салмагы 127 килограмм болгон жана кийим тандоодо кыйынчылыктарга туш боло баштаган.

Ал тез дайындалган тамактарды жакшы көргөн жана 50 жылдан бери астма оорусу менен күрөшүп келген. Cергек жашоо образын өз алдынча жүргүзүүгө аракет кылганы менен андан майнап чыккан эмес. Ал интернет аркылуу туура тамактанып, арыктоо жолун үйрөткөн курска жазылып, бир жылда 50 килограммга арыктаган.

Азыр ал күнүнө сегиз миң кадам басат жана аптасына үч жолу чуркайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rola
2020-07-29 08:15:02
Ошондо туура тамактанып,коп басыш керек экенда э?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан