2010-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран Орусиядан кармалып, өлкөгө алып келинди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"2010-жылдан бери издөөдө жүргөн Баткен облусунун 1970-жылы туулган К.Д. аттуу тургуну кармалды. Ал ири көлөмдө жасалган "алдамчылык" беренеси менен көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча Баткен ШИИБи тарабынан издөөдө жүргөн.
Аны Кыргыз Республикасынын аймагына алып келип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги менен биргеликте “Москва-Бишкек” каттамы боюнча жөнөтүү маселелери чечилген. Азыркы учурда кармалган жаран К.Д. издөө салган тарапка өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.