NASA космос агенттиги Жерге чоңдугу футбол талаасындай болгон астероид жакындап жатканын эскертти

5-августта Жер шарына чоңдугу футбол талаасындай болгон "2009 PQ1" астероиди жакындайт. Бул тууралуу АКШнын Аэронавтика жана космостук мейкиндикти изилдөө боюнча улуттук башкармалыгынын (NASA) Жерге жакын объектилерди изилдөө борбору кабарлаган.

Маалыматка ылайык, узундугу 190 метр, туурасы 84 метр болгон "2009 PQ1" астероиди 5-август күнү Жердин жанынан 3 миллион 200 миң чакырым аралыкта 13,4 чакырым секунд ылдамдыкта өтөт. Бул учур Бишкек убактысы боюнча саат 22:35ке туура келет.

"2009 PQ1" астероиди 2009-жылы 14-августта табылган. Астероид Жердин орбитасын кесип өткөн асман телолоруна кирген "Аполлон" тобуна кирет. Кийинки жолу "2009 PQ1" астероиди Жердин жанынан 2137-жылы учуп өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ulanbek2000
2020-07-28 12:07:31
Буга окшогон жомокту туулгандан бери окуйбуз ☑️
-1
muku.85
2020-07-28 13:56:11
Орто Азияга байкалар бекен ошону айтып койсо болмок окумуштуулар.
0
pyeon hwa
2020-07-28 17:49:56
Мен мектепте окуп жургондоле ушундай жанылыктар айтыла берчи, келатат деп, 18 жыл отту
+1
suban78
2020-07-29 10:55:00
Кармап калыш керек. Сатса болот. Ким кармаса мага айтсанар сатып берем, Москвада тааныштар бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан