Ноокенде 10 жашар кызды зордуктаганга шектелген 20 жаштагы жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

Ноокенде 10 жашар кызды зордуктаганга шектелген 20 жаштагы жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чечимди Ноокен райондук соту 16-июнда чыгарган. Анда айыпталуучу А.А.нын жактоочусу бул чечимге макул болбой, апелляциялык арыз менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган. Бүгүнкү күндө аталган кылмыш иши Жалал-Абад облустук сотунун өндүрүшүнө келип түшө элек.

Ушул жылдын 28-январь күнү Ноокен РИИБине кайрылган жергиликтүү тургун 10 жаштагы кызын жашы 20-25 чамасындагы бала коркутуп, күч колдонуп, зордуктап койгондугун билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "зордуктоо" беренеси менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Ыкчам иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында, 5-февралда шектүү катары Ноокен районунун 2000-жылы туулган А.А. аттуу тургуну кармалган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, шектүүнүн жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, кылмышка тиешелүү делген далил буюмдар табылган.

Ноокенде 10 жашар кызды зордуктаган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Topcubai
2020-07-28 15:59:04
Эми тиякта бекер көпөлөк болот экенсиң да.
+11
Jibakana
2020-07-28 16:38:49
Topcubai, неге
-7
TIMON_BERKOWITZ
2020-07-28 19:00:17
Jibakana, Износилование менен кесилгендерди тиякта износиловать этишет.
+9
Taku.14.02
2020-07-29 10:04:00
Topcubai,100 процент далил болсо атак постава же адашкан болсо тийбейт
0
islan_85
2020-07-28 17:20:18
Далил буюм эмне болду экен а
+4
sale-81
2020-07-28 18:04:05
Кыргыз мырзалар ушинтип бузулганын коруп журок ооруйт, ишенгимда келбейт, кантип кыргыз жигиттер ушуга колу барат деп,,
+7
bond0202
2020-07-28 18:06:42
беш минуттук кумарга азгырылып кырчындай омурун кор кылыптыр да
+12
Paol
2020-07-28 18:19:39
Эн сонун чечим
+3
Nina.alex
2020-07-28 19:29:17
,эн туура чечим.бирок откондо он уч жашар кызды зордуктаган жаранды эмне себеп менен бошотуп жиберишти??
+7
pyeon hwa
2020-07-28 20:44:18
Нолкен райондук соту жогорку сотко келип иштеп берсе эр сонун болмок!
+2
Usow
2020-07-28 21:33:41
Бул деген беш муноттук кумар, бир омурлук к.т жашоого алмашылды дегендик АТТИН АЙ
+7
Nursul
2020-07-29 11:45:17
Мындайларды камап башты оорутпай эле аянтка чыгарып ташбараңга алып өлтүрүп салсак сооп болот эле мындайларга. Камаган сайын андай жазаны женил сезип көбөйүп кетти мындайлар.
+3
Raihan0602
2020-07-29 13:37:52
Бычып салыш керек эле
+1
XATSAN125
2020-07-29 15:54:22
Олум жазасы!
+1
XATSAN125
2020-07-29 18:38:07
Жактоочусун кошо камап салыш керек ушундай айбанды жактап мактаган сени деп туруп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан