Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын Умай-Эне айылында жаңы ФАП ачылып пайдаланууга берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук администрациясынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ФАПтын курулушун “Ассанабил” Коомдук кайрымдуулук фонду каржылоого алып, 28 миң АКШ доллары жумшалган. Курулушка жергиликтүү бийлик 50 миң сом, айыл тургундары 50 миң сом салым кошушкан.
Бул күнү аталган айыл аймакта, асфальт төшөлгөн бир чакырым жол дагы пайдаланууга берилди. Жолдун курулушуна республикалык бюджеттен 5 миллион 300 миң сом каражат бөлүнгөн.