Малайзиянын экс-премьер-министри коррупциялык кылмыштар боюнча күнөөлүү деп табылды

Малайзиянын Куала-Лумпур соту тарабынан экс-премьер-министр Наджиб Разак 1MDB мамлекеттик инвестициялык фондунан миллиондогон долларды тартып алуу, ошондой эле коррупциялык кылмыштар боюнча күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу "New Straits Times" басылмасына таянуу менен чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Экс-премьер айыптоонун 7 пункту боюнча күнөөлүү деп табылды: кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, үч жолу ишенимге кыянаттык кылуу жана 3 жолу акчаны адалдоо боюнча айып коюлган. Бул айыптар боюнча сот иши 2019-жылы апрель айында башталган.
Наджиб Разак жалпысынан 547 миллион доллар өлчөмүндөгү акча уурдаган деп айыпталууда.
Ал 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы, ошондой эле ротан таяктары менен дене жазасына тартылышы мүмкүн. Мындан тышкары зыян келтирилген сумманы 5 эсе көп өлчөмдө айып пул төлөөгө милдеттендирилет.
Мындан сырткары айыптоо анын жакын жардамчыларына дагы коюлган.
1MDB фонду (1 Malaysia Development Berhad) 2009-жылы Наджиб Разактын өкмөтү тарабынан Тренганну провинциясындагы инвестициялык фондунун негизинде түзүлгөн. Улуттук инвестициялык фонд болгондон кийин 1MDB Малайзиядагы жана чет өлкөлүк ондогон долбоорлорго катышкан. Тергөө материалдарына ылайык, фонддун жигердүү иш-аракеттеринин учурунда (2009-2016-жылдары) андан 4 миллиард доллардан ашык каражат уурдалган.
Наджиб Разак 2009-жылдан 2018-жылга чейин Малайзиянын өкмөт башчысы болуп иштеген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asman779
2020-07-28 18:59:41
Биздин жегичтерди 5 эсе аз толотуп калган Акчаны соттор болушуп алат. Анан 1-2 жылдан кийин суттон АК болуп чыга келишет.
+2
Jelezo
2020-07-28 21:53:13
Asman779,биздикилерди жатак абакка которулду деп коюшат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан