Бүгүн интернет тармагына гуманитардык жардамга келген медициналык каражаттар базарда сатылууда деген видео тараган. Видеону тарткан аял товарларды көрсөтүп, бул жардамга келген каражаттар деп айтып, сатуучудан аны ким саттырып жатканын сураган.
Бул боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан текшерүү жүргүзгөнүн SUPER.KG'ге маалымдашты. Ага ылайык, видеодо көрсөтүлгөн товарлардын гуманитардык жардамга тиешеси жок экендиги, аны ишкерлер мыйзамдуу түрдө сатыкка алып келишкени белгилүү болгон.
"Ишкерлер тарабынан тиешелүү болгон бардык документтер көрсөтүлдү. Азыркы учурда Финпол тарабынан калкка зарыл болуп жаткан товарлардын баасын жогорулатпоо, гуманитардык жардамдарды сатыкка чыгарбоонун алдын алуу боюнча бир катар иштер жүргүзүлүп жатат. Урматтуу жарандар, эгер сиздер медициналык каражаттардын негизсиз кымбат баада сатылып жатканын көрсөңүздөр 1955 номуруна кабарлаңыздар", - деп жазылат маалыматта.