АКШда белгилүү "Nike" фирмасы медициналык кызматкерлерге бут кийим берет

Америкалык белгилүү кийим жана бут кийим чыгаруучу "Nike" фирмасы азыркы тапта бейтаптарды дарылоо менен алек болуп жаткан медициналык кызматкерлерге белек берерин айтты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, фирма медициналык кызматкерлерге 140 түгөй бут кийим жана кийим берүүнү чечкен.

"Мындан сырткары дал ушул фирманын кийимин кийген спортчулар 30 миң түгөй бут кийим чогултуп, аны Чикаго, Лос-Анжелес, Нью-Йоркто эмгектенген медициналык кызматкерлерге беришет. Ошондой эле 2 миң 500 түгөй Nike Air Zoom Pulse бут кийими Европанын ооруканаларына жөнөтүлөт", - деп жазылат маалыматта.

Бут кийимдин Nike Air Zoom Pulse модели жакында эле коомчулукка тартууланган. Ал атайын медициналык кызматкерлер үчүн ыңгайлаштырылып чыгарылган. Аталган бут кийимдерге кошуп жакында 95 миңге жакын атайын байпактарды берүү да пландалууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан