Бүгүн, 12-мартта Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус пандемиясына байланыштуу маалымат жыйынын өткөрмөк. Бирок ал белгисиз себептерден улам болбой калды.
Жыйында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска байланыштуу абалды пандемия деп жарыялаганына байланыштуу Кыргыз өлкөсү кандай чараларды көрүп жатканы тууралуу маалымат берилмек.
Ал эми маалымат жыйыны эмне себептен болбой калганы тууралуу министрлик комментарий бере элек.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус коронавируска байланыштуу абалга пандемия деп мүнөздөмө берген.
Пандемия - дүйнөлүк масштабда адамдан адамга оңой жугуу аркылуу тараган оорунун жаңы түрү. Буга чейин кара тумоо (чума) жана холера пандемия деп жарыяланган. Инфекциялык оорунун жаңы түрү пайда болуп, ал бүтүндөй мамлекетке жайылып жана анын аймагынан чыгып кеткенде пандемия жаралат.