Индиянын Батыш Бенгалия штатында оор салмактагы сейрек кездешүүчү скат балыгын тургундар кармап алышты. Анын салмагы 800 килограммга жакын. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Балыкчылар эртең менен деңизге барышкан. Тагыраагы Батыш Бенгал менен Одиша чек арасына жакын жерде кокусунан жээкке чыгып калган балыкты көрүшкөн. Алар балыкты жээкке сүйрөп чыккандан кийин, аны көргөнү көптөгөн эл чогулган. Ошол эле күнү акция уюштурулуп, балыкчылар 50 миң рупий алышкан.
Буга чейин да Орусияда салмагы 100 килограммга жеткен акула кармалганы кабарланган.