Бир суткада 20 медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Ош шаары – 1;
Чүй облусунда – 10;
Ош облусунда – 1;
Жалал-Абад облусунда – 6;
Ысык-Көл облусунда – 1;
Талас облусунда – 1.
Жалпысынан республика боюнча 2 миң 211 медицина кызматкери COVID-19 жуктуруп алган.