Кыргыз-Кытай чек арасы эпидемиологиялык абалга байланыштуу ачыла элек. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө пункттары дагы жабык.
"Учурда бардык чек ара пункттары жабык. Буга чейин Кыргыз-Кытай чек арасы 24-январдан 30-январга чейин жабык болот деп айтылган. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу чек ара жана өткөрмө бекеттери жабык бойдон калууда", - дейт чек ара кызматынан.