Австралияда 2019-2020-жылдагы токой өртүнүн кесепетинен 3 миллиард жаныбар жабыркаган

Австралияда 2019-жылдын июнь айынан 2020-жылдын февраль айына чейин токой өртүнүн кесепетинен 3 миллиардга жакын жаныбар жабыркаган. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун буюртмасы менен изилдөө жүргүзгөндө анык болгонун дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, мындай изилдөөнү Сидней университети, Жаңы Түштүк Уэльс университети, Ньюкасл университети, Чарльз Стерт университети жана Австралиядагы "BirdLife Australia" жаратылышты коргоо тобу тарабынан жүргүзүлгөн. Изилдөө жүргүзгөн 10 окумуштуу Австралия аймагында 11 миллион гектардан көп жерди изилдешкен.

Изилдөөнүн негизинде Австралия боюнча акыркы өрттүн айынан 143 миллион сүт эмүүчүлөр, 2 миллион 500 миң сойлоочулар, 180 миллион канаттуу жана 51 миллион бака жабыр тарткан. Ал эми өрттөн канча жаныбар жок болгону тууралуу маалымат тактала элек.

Мындан сырткары 2019-жылдын сентябрь айынан 2020-жылдын март айына чейин токой өртүнөн 34 адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан