Коронавирус пандемиясынан улам Кыргыз өлкөсүнүн экономикасында курулуш тармагы эң көп жабыр тартты. Бул тууралуу экономика министри Санжар Муканбетов онлайн брифингде айтты.
"Азыркы күндө алты айдын эсеби менен ички дүң продукциянын көлөмү 228 миллиард сомду түздү. Өлкөбүздүн экономикасынын өсүшү - 5,3 пайыз, башкача айтканда 94,7 пайызды түздү. Мында өнөр жайыбыз нейтралдуулукту сактап калды (0,1 пайыз өсүш). Ал эми айыл чарба сектору 1,6 пайызга өсүшүн көрсөттү. Эң чоң төмөндөө курулуш тармагы (дээрлик 10 пайзга чейин төмөндөө) жана кызмат көрсөтүү тармагы 91,8 пайыз, башкача айтканда 9,2 пайызга төмөндөдү", - деди Муканбетов.