Дүйнөдө биринчи жолу мыйзамдагы ууру коронавирустан каза болду

Мыйзамдагы ууру Сачино Гегечкори ("Сачино" каймана аты менен таанылган) Орусиянын Санкт-Петербург шаарында коронавирус инфекциясынын айынан каза болду. Муну менен Сачино кылмыш дүйнөсүнүн ири өкүлдөрүнүн ичинен коронавирус инфекциясынын биринчи курмандыгы болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 70 жаштагы Сачино Санкт-Петербург шаарын көзөмөл кылчу. Ошол эле учурда анын Түндүк Кавказда кеңири байланышы болгон. Анын катышуусуз Орусиянын түндүк бөлүгүндө мыйзамдагы уурулардын бир дагы жолугушуусу өтчү эмес.

Буга чейин 1-июнда Грецияда криминалдык чөйрөдө белгилүү болгон мыйзамдагы ууру Валерий Жавахадзе ("Курша" каймана аты менен таанылган) 48 жашында каза болгон. Анын өлүмүнө баңги заттарына жана алкоголдук ичимдиктерге көз каранды болуп калганы себеп болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jibakana
2020-06-11 18:06:37
Дуйнодо биринчи жолу деп башка планетадан келген адамдай жазгансын го Админ я мыйзамдагы Адам деле биздей Адам го Кудайым ооруну олумди кимге берем десе ошого берет да э
+5
zheenbaev95
2020-06-12 11:59:45
Jibakana,админ тилчи окшойт аябай көркөмдөп жазыптыр
+1
Krai
2020-06-12 02:47:29
А ии жаман болгон тура
Срочно контактарын связда болгондорун текшериш керек. Балээ болуп биздин уул Батукаевге жугуп калбасын кокуй. Иммунитетти да слабый эле өзү ооруп араң жүрөт эле
+4
Shekeev969798
2020-06-12 05:52:03
Krai,))))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан