"Оорулуулар жок". Бишкектеги убактылуу ачылган эки стационар жабылды

Борбор калаада оорулуулар азайгандыгына байланыштуу убактылуу ачылган күндүзгү жана түнкү эки стационар жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сейтек мектебинин базасында күндүзгү стационар жана Октябрь районундагы "Салтанат" ресторанындагы түнкү стационар оорулуулар азайгандыгына байланыштуу жабылды. Жал кичи районундагы №95 мектептеги стационар эртең жабылат.

Кечээ, 1-августта күндүзгү стационарларга 1 миң 176 жаран кайрылган. 1-августтан 2-августка караган түнү стационарларга 192 адам кайрылды.

Учурда Бишкек шаарында эртең мененки саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин иштеген 12 күндүзгү стационар, ал эми шаар боюнча 2 түнкү стационар калды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан