Өзбекстанда коронавирус менен жабыркагандардын саны 26 миң 301ге жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Ага ылайык, акыркы бир суткада 748 адамдан илдет аныкталса, 755 бейтап оорудан сакайган. Сутка ичинде эң көп коронавирус аныкталган аймактар:
Ташкент шаары - 179;
Самарканд шаары - 27;
Наманган шаары - 18 калгандары башка аймактардан катталган.
Коронавирус илдети башталгандан бери Өзбекстанда 17 миң 262 бейтап сакайса, тилекке каршы 159 адам оорудан кайтыш болгон.
Коронавирус инфекциясы Өзбекстанда алгачкы жолу 15-мартта катталган.