Италияда коронавирустун айынан футбол сүйүүчүлөр лигасындагы 40тан ашык беттеш токтотулуп, 10 шаарга карантин жарыяланды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Италиянын футбол сүйүүчүлөр лигасында оюн жүргүзгөн "Кодоньо" клубунун оюнчусу коронавирус менен ооруп калгандыгына байланыштуу футбол сүйүүчүлөр лигасындагы беттештер токтотулган. Футболчу аймактагы коронавирус менен ооруган биринчи адам болуп, абалы оор бойдон калууда.
Мындай абал Италиянын Жогорку Лигасына да таасирин тийгизип, "А" сериясындагы "Аталанта" - "Сассуоло", "Интер" - "Сампдория", "Верона" - "Кальяри", "Торино" - "Парма" беттештери дагы коронавирустун айынан башка күнгө жылдырылды.
Учурда Италиянын 15 миң калкы бар Кодоньо шаары коронавирустун очогу катары бааланууда. Италияда коронавирусту 150гө чукул адам жуктуруп алганы, 3 адам каза болгону айтылууда.