Эсенкул Момункулов: "Кыргыз-Түрк достугу ооруканасын ачуу керек. Ал жерде заманбап системдер бар"

Инвестицияларды алга жылдыруу агенттигинин мурдагы директору Эсенкул Момункулов өзүнүн Твиттердеги баракчасына "Кыргыз-Түрк достугу ооруканасын ачуу керек. Ал жерде заманбап системдер бар. Вирус жукпайт, анткени толук өзүнүн рекуприация системи кислороду бар. Ошондой эле 400 орундук бар", - деп жазып чыкты.

"Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы 2016-жылы курулуп баштаган. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-Түрк достугу ооруканасын ачуу жөнүндө макулдашууга 30-майда кол койгон. Ал эми аны ачуу тууралуу мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 18-апрелде кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, оорукана Бишкек шаарында ачылат. Мыйзам Кыргыз-Түрк өкмөтүнүн ортосундагы достук ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүүгө багытталган.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы жылдын аягына чейин ишке бериле турганын 2019-жылдын 18-апрелинде Жогорку Кеңештин жыйынында айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан