Ыйлап жаткан жаран Айпери Мамытова. Ал жолдошун жоготконуна ызаланып, ыйлап жатат. Айпери Мамытова камерага сүйлөп берүүгө макул болбогону менен жүзүн ачык тартууга уруксат берип, жолдошун жоготкону, ага чоң сокку болгонун, мындан улам ал көз жашын токтото албай жатканын айтты.
Айтымында, жолдошу 15 күн дарыгерге кайрылбай, үйдө жата берген. Дарыгерлердин жасаган аракетине карабай, ал жолдошунан айрылып калган. Обсервацияда ооруп, дарыланып жаткандар ар кандай жолдор менен бейтапканага келип калгандар. Алардын тагдырлары да ар башка. Кээ бирлери обсервацияга убагында кайрылган болсо, кээ бирлери кеч кайрылышкан. Дарыланып жаткандар ооруканага келген абалдарына салыштырмалуу, азыркы ден соолуктары жакшы экенинин айтып беришти.
Алардын бири 65 жаштагы Бариса Оморова. Ал “өлүп калам деп ойлогом, өмүрүм бар экен, өлгөн жокмун. Азыр ден соолугум жакшы, дарыгерлерге ыраазымын жакшы карашты. Кыргыз элим оорубасын, оору жаман экен", - дейт.
SUPER.KG порталы баш баккан Жал кичи районунда жайгашкан "Ынтымак Мечит" стационары мындан бир ай мурун 80 бейтапка ылайыкташылып уюшулган. Биз стационарда 29 бейтап дарыланып жатканына күбө болдук. Бул албетте бейтаптардын азайып, ден соолуктары жакшырып бара жатканынан кабар берет.
Анара Чиретилова бир айдан бери ыктыярчы болуп иштеп жатат. Ал бул убакыт аралыгында ар кандай тагдырларды көргөнүн, бир ай ичинде 200гө чукул бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылганын айтты.
Айтымында, өлүм учурлары катталбай койгон эмес, ал учур алар үчүн өтө оор болгон.
"Стационарда көп бейтап сакайды, кудайга шүгүр. Көп ыктыярчылар келип жардам беришти. Бейтаптардын маанайын көтөрүү үчүн көнүгүүлөрдү жасатып, бийлетип жаттык. Бирок тилекке каршы үч бейтапты жоготуп алдык. Өкүнгөнүбүз алар убагында бул жакка келгенде, балким өмүрлөрү сакталмак. Албетте биз Кудай эмес экенбиз, бирок болушунча аракет кылдык".
Борбор калаада оорулуулар азайгандыгына байланыштуу убактылуу ачылган күндүзгү жана түнкү стационарлар катарынан жабылып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди. Бирок бул толук жабылды дегенди түшүндүрбөйт.
“Бишкек шаарында илдет күчөп турганда стационарлар ачылып баштаган. Баш аягы 13 стационар ачылган. Анын ичинен 10у күндүзгү болсо, 3өө түнкү кезек үчүн ачылган стационарлар. Мурда күндөн баштап стационарларга кайрылуулар абдан азая баштады.
Азыркы тапта 3 стационар жабылды. Бирок бул толук жабылды дегендик эмес, бул консервация болду дегендик. Анткени медициналык жабдыктар тазалоодон өтүп, керебеттердин баары жыйылып турат. Анткени эс алуудан келген шаар тургандары болот. Абал туруктуу эмес, ооруну аягына чейин жеңдик дегенге азырынча эрте, адамдар ооруган учур дагы деле болуп жатат", - деди Алманбетова.