Пакистандын премьер-министри COVID-19га каршы кытай вакцинасы менен эмдөөдөн өткөн соң ооруп калды

Пакистандын премьер-министри Имран Хан COVID-19га каршы кытай вакцинасы менен эмдөөдөн өткөн соң коронавирус илдети менен ооруп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Басылмалардын маалыматына караганда, учурда Имран Хан COVID-19 менен ооруп обочолонуу режиминде дарыланууда.

"18-мартта Пакистандын премьер-министри Имран Хан коронавируска каршы Sinopharm кытай вакцинасы менен эмдөөдөн өткөн. 2 күн өткөндөн кийин ал COVID-19 илдетине кабылганы аныкталган.

Бул жаңылыкты уккан соң аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен вакцинаны алгандан кийин дароо адамда иммунитет пайда болбостугун бир нече аптадан кийин иммунитет пайда болорун айтышкан", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан