Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус жана пневмония оорусунан 11 адам каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.
Билдирүүгө ылайык, каза болгон 10 адамдын 8и Бишкекте, Жалал-Абад облусунда 2 жана Чүй облусунда 1 адам каза болгон.
Муну менен өлкөдө коронавирустан каза болгон адамдардын жалпы саны 2 миң 238ге жетти.