Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мурда прокурор болуп иштеген Сыймык Жапыкеевге карата берилген доо арызы жарым-жартылай канааттандырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди.
"Бүгүн, Ленин райондук сотунда Кубанычбек Жумалиев тарабынан берилген доо арыздын негизинде отурум болуп өттү. Анда соттун чечими менен Жапыкеев Жумалиевге 10 миң сом өлчөмүндөгү компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилди. Мындан тышкары сот Жапыкеевдин социалдык тармактагы баракчасына буга чейин жазгандарын төгүндөп маалымат жарыялоосун милдеттендирди", - дейт жактоочу.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев мурда прокурор болуп иштеген Сыймык Жапыкеевди сотко берип, андан 10 миллион сом өндүрүүнү талап кылып, Ленин райондук сотуна доо арыз менен кайрылганы маалымдалган.