Европанын айрым өлкөлөрүндө пандемиянын эпкини кайтты, бирок эксперттер экинчи толкунга даярдануу керектигин белгилөөдө. Ошол себептүү Франция мамлекети күзүндө баштала турган экинчи толкунга даярдыктарды көрө баштады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.
Расмий маалыматтарга караганда, 5-август күнү Францияда 2 айдан берки коронавирусту жуктуруп алган эң жогорку учур катталды, тактап айтканда 1 миң 695 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталган.
Ал эми Францияда Covid-19дан каза болгондордун жалпы саны 30 миңден ашат. Бул Европа өлкөлөрүндөгү Улуу Британия менен Италиядан кийинки эле турган жогорку көрсөткүч болуп саналат.