Өлкөнүн бардык калкын эмдөөдөн өткөрүү жакынкы эки айда жеткиликтүү болот

Республика боюнча бардык жарандарды эмдөөдөн өткөрүү жакынкы 2 айдан кийин жеткиликтүү болот. Мындай маалымат саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радионун" эфиринде айтты.

Министрдин билдиргенине ылайык, республиканын бардык калкын коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өткөрүү 2 айдан кийин жеткиликтүү болот. Учурда Бишкек, Ош шаарларында, Чүй өрөөнүндө жүргүзүлүүдө. Ал үчүн 100 дарыгер атайын окуудан өтүшкөн.

Белгилей кетсек, COVID-19га каршы эмдөө үчүн Кытайдын SinoPharm компаниясы чыгарган вакцинасы колдонулууда. Аталган өлкө 75 миң адамга ылайыкташкан вакцина берген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан