Индияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2 миллиондон ашты

Индияда акыркы бир сутка ичинде 62 миң 538 адамдан вирус аныкталып, коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 2 миллион 270 миң 74 адамды түздү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянуу менен жергиликтүү басылмалар жазышкан.

Андагы маалыматка ылайык, бүгүн, 7-августка карата 62 миңден ашуун адамдан вирус аныкталып, рекордду жаңылады. Буга чейинки рекорддук көрсөткүч 1-августта болгон. Анда сутка ичинде 57 миң 118 адамдан вирус аныкталган.

Ал эми сутка ичинде 886 бейтап каза болду. Муну менен илдеттен каза болгондордун жалпы саны 41 миң 585 адамды түздү.

АКШнын Жон Хопкинс атындагы университетинин статистикалык көрсөткүчүнө ылайык, Индия коронавирустан каза болгондордун саны боюнча дүйнө жүзүндө АКШ, Бразилия, Мексика жана Улуу Британиядан кийинки 5-орунда турат. Ал эми вирус катталгандардын саны боюнча АКШ жана Бразилиядан кийинки 3-орунда.

Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө учурда 607 миң 384 бейтап дарылануудан өтүүдө. Ал эми илдеттен айыккандардын жалпы саны 1 миллион 378 миң 195 адамды түздү. Бул көрсөткүч менен айыккандар 67,98 пайызды түзөт.

Коронавирус эң көп катталган аймактар Махараштра штаты (468 миң 265), Тамилнад (273 миң 460), Андхра-Прадеш (186 миң 461), Карнатака (151 миң 449) жана Дели шаары (140 миң 232).

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан