Дагы бир Кыргыз жаранынан коронавирус аныкталганы айтылууда. Учур Бириккен Араб Эмирлигинде катталды

Кечээ, 17-мартка карата алынган маалыматка ылайык, Бириккен Араб Эмирлигинде Кыргыз жаранынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу араб басылмалары жазып чыгышты.

Бириккен Араб Эмирлигинин Саламаттыкты сактоо министрлиги кечээ, 17-март күнү өлкөдө 15 коронавирус катталганын жана ооругандардын жалпы саны 113кө жеткенин билдирди.

"Коронавирусту аныктоо мониторинг системи жана буга чейин вируска кабылган жарандар менен жакын байланышта болгон адамдарга текшерүү жүргүзүү менен ишке ашырылды. Ошондой эле чет өлкөдөн келип, карантинге алынгандардын арасынан да вирус аныкталды", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

"Учурда вирус аныкталгандардын абалы туруктуу жана керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Алардын арасында Кыргыз өлкөсү, Сербия, Италия, Нидерланды, Греция, Австралия, Германия, АКШ, Орусия, Украина, Бангладеш өлкөлөрүнөн 1ден жаран жана Улуу Британия менен Испаниядан 2 жарандан коронавирус аныкталган", - деп жазылат маалыматта.

Окуя тууралуу Республикалык штаб азырынча маалыматты тактай элек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aikaaaa
2020-03-18 08:31:38
Тентибей эле үйүндө отурбайт беле, эми Кыргызстанга келбей эле турсун. Мусулмандарга жукпайт анан мечиттен жукпайт дешип ушу келесоо кишилер көп. Эми карагылачы жукканда да каяктан жукту!
-6
Jelezo
2020-03-18 11:09:04
Aikaaaa,байып алып акчасын каяка жумшашты билбегендер тентип жатышат.
+11
Kuban-1207
2020-03-18 10:45:46
Тентибей эч жака чыкпай отургула депутаттар да тентип атат
+8
nurali1989
2020-03-18 11:14:36
Сактанып жон эле отуруп турушса болмок, Германияга не бар чондорго, умрага не бар ушундай кырдаал болуп жатканда.эми келип канча адамдын тынчын алып жатышат.
+11
Arstan18.18
2020-03-18 21:26:25
Супер инфо тойлор токтоду деп кечинде бир кайдан бери айтасынар! Эмнеге тойлор болуп жатат умрадан келип ажы болгонсуп той берип! Умра жон эле элдер музейге киргендей дубайга эс алып келгендей кыдырып келип атасынар! Кудай болуп калган жоксунар же куноонор жуулуп периште эмессинер! 6 млн элди ойлогула озунорду корсотордон мурда! Журналистерде байкоо жургузуп той токтодубу каникулга тараган балдар эмне мн Алек, кызыктуу темаларды чындыкты чыгарып турса болотда
+1
Eminahanym
2020-03-18 22:23:29
Эми медицина кызматкерлери 12сааттан 2мөөнөт же 8сааттан 3мөөнөт иш алпарышкерек. Күнү-түнү тынбай иштеп берүүсүн талап кылып айлыгын төлоп бериш керек.Коронавирусту Аныктоочу тесттерди тез алдырыш керек. Текшерүүчү Лабаротория арбир областта иштеп башташ керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан