Курсан Асанов сот отурумунда: "Кой-Таш окуясында жасаган кадамыма өкүнбөйм"

Бүгүн, 7-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министрлигинин мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму уланууда.

Сотко Адылбек Эсенбаев судьялык кылууда. Отурум жабык эшик артында өтүүдө.
Сот башталганга чейин Курсан Асанов ага коюлуп жаткан айыптоолор негизсиз экенин айтты.

Анын айтымында, ага коюлуп жаткан үч айыпка тең далил жок. Ал: "Кой-Таш окуясында жасаган кадамыма өкүнбөйм, туура кадам жасадым деп эсептейм. Себеби кан төгүүсүз Алмазбек Атамбаев сүйлөшүүгө келип, баары тынчтык жолу менен чечилген. Буга эл да күбө", - деди Асанов.

Курсан Асанов: “Кой-Таш окуясында жасаган кадамыма өкүнбөйм“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aslonur
2020-08-07 14:24:54
Элдик генералго түбөлүк
+4
Mashyrbek
2020-08-07 15:33:24
Чыныгы генерал мекенчил Ош окуясыда да К.Асанов К. Ташиевдер элди ынтымака чакырып токтоткон
+5
Aimani
2020-08-07 15:33:29
Молодец
+5
i1urp
2020-08-07 16:17:28
Негизи Атамбаевке каршы акмак иштерди Соке жана анын бир тууган иниси Асылбек деген неме уюштурган. Булар олкого эч жакшылык алып келишпейт.
+4
Oven
2020-08-07 18:09:43
"Элдик генерал", озу катышып жазган, бекиткен "КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫНЫН ИШ АЛЫП БАРУУСУ БОЮНЧА ИНСТРУКЦИЯНЫН" кайсы пункттарын бузгандыгын билууго тийиш! Устав, инструкция, корсотмолор мыйзам чегинде, аны аткаруу учун жазылат!
А бизде "закон дышло, куда повернул туда вышло!"
+3
bond0202
2020-08-07 19:08:29
курсанттын потриоттулук иштерин коро албайсынар .Атамбаевтин жугундукорлору жамандап минус баса бергиле.
-3
Imon7
2020-08-07 19:27:29
bond0202,сен озун биринчи
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан