Курсан Асанов: "Күлгүн түстүү баштыкта эмне бар экенин Атамбаевден сурагыла"

Кой-Таш айылындагы окуяда Алмазбек Атамбаев менен Курсан Асанов сүйлөшүү жүргүзүп жатканда ортодогу күлгүн түстүү баштык көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Бул боюнча соттук отурумдун алдында ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов журналисттер тарабынан берилген суроого жооп берди.

Айтымында, ал баштыкка Асановдун колу да тийген эмес.

"Баштык тууралуу менден эмес, тиешелүү адамдардан сураш керек. Ал кимдер десеңер, Алмазбек Атамбаев, Кундуз Жолдубаева жана башка адамдар. Анын ичинде эмне болгону тууралуу да эч нерсе билбейм. Мага карата коюлган айыпка негиз жок деп айтам. Анткени бул иш мени каралоо үчүн атайын уюшулган. Ал эми Кашкар Жунушалиев боюнча эч нерсе айтпайм, аны менен сүйлөшпөйм дагы, актыгым сотто далилденет", - деди Асанов.

Бүгүн, 7-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму уланууда.

Курсан Асанов: “Кой-Таш окуясында жасаган кадамыма өкүнбөйм“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mashyrbek
2020-08-07 16:19:11
Ийгилик Эл Генерал
+8
talant87
2020-08-07 18:16:16
Шайлоо бутсоо кобу чыгат 2-3жылда кебирлер камалат ойун ушундай
+4
talaa11
2020-08-07 22:00:27
Койташ окуясында К.Асановдун абройу ото тездик менен которулуп кетти ошого Кашкардын ичи куйуп Сооронго арызданып барды анан Соорон иштен алдырды ошол эле бул жерде каныбызга синген коро албастык гана болду
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан